Жазгы талаа иштери аяктады

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Куу-Майдан айылы тоолу аймак болгондуктан жаз мезгили кечирээк келип, эгин айдап себүү эми аяктады. Негизинен биздин айылдын тургундары талаага буудай, жүгөрү, картошка эгишет.

Быйылкы жылы кайрак жерлерге буудай көп себилди. Андан кийин жүгөрүнү эгүү дагы аяктады. Жалпысынан алганда айылдын жыйырма гектар жерине жүгөрү эгилди. Андан тышкары картошканын жогорку түшүмдүү сортторун алып келишип, аны эгүүнү аяктайын деп калышты. Кээ бир айыл тургундары өздөрүнүн үлүштүк жерлерине пияз, помидор, сабиз, капуста көчөттөрүн отургузушту.

Дыйкандар мол түшүм алуу үчүн жерлерине көп жер семирткичтерди беришти.  Эгип бүткөндөн кийин эгиндерге зыян берүүчү чөп басып кетпеш үчүн чөп өлтүрүүчү дарыларды чачышты. Биздин айылда жер айдоочу, эгип себүүчү техникалар көп болгондуктан өтө тез темп менен жазгы талаа иштери аяктап калды.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Чакан жөжө бизнеси

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын тургуну Мухаммедали Аскаров эки жылдан бери өзүнө ылайык чакан ишкана менен алектенип келет. Бул ишканасында негизинен инкубатор аркылуу тооктун жөжөсүн чыгарат.

Инкубатордун апаратын агасынан үйрөнүп, жасап көргөн. Натыйжада жөжө чыга баштаган. Ишеничтүү болгондон кийин өзүнө жөжө чыгарып, андан кийин элдерге жарыя кылып, заказ боюнча жөжөлөрдү чыгара баштаган. Инкубатортордон бир чыгарганда сегиз жуз элүү жөжө жыйырма эки, жыйырма үч күндө чыгат.  Мунун ичинен кандайдыр бир себептен элүү, алтымыш жумурткадан жөжө чыкпай калат.

Өткөн жылы жаңы үйрөнчүк болгондуктан азыраак жөжө чыгарган. Быйылкы жылы иши жакшы болуп жөжөлөрдү көп чыгара баштады. Азыркы убакта эки жолу чыгарды. Заказ көп болгондуктан август айына чейин чыгара бермекчи. Ар бир жөжөнү чон кичинесине карап, кырк, элүү сомдон  айыл тургундарына сатып жатат.

Мухаммедали байке оор ишке жарабагандыктан ушул чакан бизнесинен түшкөн каражаты  менен үй-бүлөсүн багып келет. Ошентип биздин айылда да чакан бизнес пайда болду.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

8-март эл аралык аялдар күнү

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 8-март эл аралык аялдар күнүнө карата класстар аралык, кыздардын ортосунда жарыш болуп өттү. Мында «Мыкты кыз» деген ат менен тогузунчу, онунчу, он биринчи класстын класстын кыздары ат салышты.

Программа боюнча:

1. Саламдашуу

2. Өзүн-өзү тааныштыруу

3. Көркөм окуу (энелер жөнүндө)

4. Белгилүү айымдардын образын чагылдыруу

5. Кыргыз бийи

6. Мыкты кыз ашканада

7. Суроо жооп

Ушул  темалар боюнча кыздар арасында  онунчу класстын кыздары  мыкты деңгээлде аткарышып биринчи орунду ээлешти. Берилген тапшырмалардын ичинен алар айрыкча энелер жөнүндө көркөм окууну, белгилүү айымдардын образын чагылдыруу жана мыкты кыз ашканада деген темаларды эң жакшы аткарышып «Мыкты кыз» деген наминацияны жеңип алышты жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Мектеп директору Гулзат Сапарбек кызынын айтымында:» Быйылкы 8-март эл аралык аялдар күнүнө  карата өткөрүлгөн кыздар ортосундагы жарыш жакшы уюштурулганы көрүнүп турат. Жеңишке жеткен онунчу класстын кыздары сабакта жана коомдук иштерге дайыма активдүү катышышат. Мындан кийин да мектептин эң алдыңкы окуучуларынан болуп, көптөгөн конкурстарга жана олимпиадаларга катышып алдыңкы орундарга жетишишине мен тилектешмин,»-деп билдирди

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Пайгамбарыбызга кат

Улуу пайгамбарыбыздын (с.а.в) туулган күнүнө карата Ош шаарында чоң иш чара болуп өттү. Бул иш чарага Бишкек шаарынан келген Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Садыбакас ажы Доолов жана башка аалымдар келип катышышты.

Иш чарада пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр баяны, басып өткөн жолу тууралуу көптөгөн ойлор айтылды жана суроо жооптор болду. Туура жооп бергендерге баалуу белектер тапшырылды. Андан кийин аялдар, энелер жөнүндө пайгамбарыбыздын  (с.а.в) хадистери айтылды. Ошондой эле пайгамбарыбызга кат деген темада аялдар сочинение түрүндө кат жазышты. Бул жазылган каттарды атайын комиссиялар тарабынан текшерилип, жакшы жазгандарга чоң сыйлыктар, белектер тапшырылды. Атап айтканда эки аялга Умра ажыга жолдомо берилди, дагы холодильник, телевизор, кир жуугуч машина, духовка, пылесос, идиш аяктар, кийим салгыч шкафтар жана башка көптөгөн кызыктыруучу белектер берилди.

Негизинен бул иш чараны уюштурган Садыбакас ажы Доолов болду. Ага аялдар өтө чоң ыраазычылык билдиришти жана ушундай иш чараларды тез тез болуп турушун айтышты.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

5-март Ак калпак күнү

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар  Нышанов атындагы орто мектебинде жыл сайын өткөрүлүүчү 5-март Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага алтынчы класстан баштап, онунчу класска чейинки окуучулар катышышты. Окуучулар ак калпак күнүнө карата ар кандай ырларды айтышты, бийлерди аткарышты жана ак калпактын тарыхы жөнүндө айтып беришти.

Ак калпактын тарыхы.

Калпак — кыргыздын улуттук эркек баш кийими. Ал көбүнчө кийизден жасалат. Бул ак калпак кыргыз эли үчүн абдан баалуу жана кымбат. Жайында күндүн ысыгынан сактаса, кышкысын сууктан коргоогон ыйык баш кийим. Ак калпакты кыргыз эли урпактан-урпака башынан түшүрбөй кийип келе жатат. Ал эми 2011-жылдын 5-мартынан тарта Кыргыз республикасы боюнча Ак калпак күнү деп белгиленип келет.

Музыкалык ийриминин көркөм жетекчиси Гулзат Алиева эжекенин айтымында:» Негизинен 5-март Ак калпак күнү  деп Кыргыз республикасы тарабынан белгиленип келе жатат. Ак калпак кыргыз элинин улуттук баш кийими болгондон кийин ар дайым башына кийип жүрүш керек. Бирок азыркы жаштарыбыз анчалык маани бербей келе жатышат. Ошондуктан ак калпактын жаралыш тарыхын, канчалык ыйык экенин балдарга билдирүү максатында атайын ушул иш-чараны уюштурдук,»-деп билдирди Гулзат Алиева

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Көп кырдуу таланттуу айым

Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын тургуну Зиягүл Козу кызы ушул айылдын көрүнүктүү, алдыңкы айымдардын бири. Ал жаштайынан эле өтө чыйрак, зирек, тыкан, эмгекчил болуп чоңойгон. Мектепте окуп жүргөндө эле спорттун волейбол, баскетбол оюндарына өтө кызыкчу. Ушул күнгө чейин өзүнүн командасы менен  райондук, областтык мелдештерге катышып алдыңкы орундарды ээлеп келет. Көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Ошондой эле дагы бир өзгөчөлүгү бул айым ырга, бийге өтө шыктуу. Азыркы күндө «Шайыр апалар» тобунун мүчөсү. Бул топ республикалык үч турга катышып жакшы ийгиликтерге жетишти. Андан кийин комуз, бий кружокторун жетектеп, кыздарды, балдарды үйрөтүп келет. Ошондой эле айылдык кеңешке депутат. Айылдагы спорттук оюндарга демөөрчүлүк кылат. Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде жыл сайын өтүлүүчү мыкты кыз, жигит конкурстарын уюштуруп ага да демөөрчүлүк кылып, алдыңкы орунду алгандарга баалуу белектерди алып берет.

Зиягүл Козу кызынын айтымында:»Мен азыркы күндө Кеңеш айыл өкмөтүндө кызмат жетектөөчү адиси болуп иштеп келе жатам. Иштегениме төрт жыл болду. Ишим жакшы, өзүмө аябай жагат. Ушул күнгө чейин тургундардын нааразылыгын укпадым. Үй-бүлөм бар, төрт баланын энесимин.»-деп билдирди

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

 

Медиа сабаттуулук жөнүндө семинар болуп өттү.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде медиа сабаттуулук жөнүндө мугалимдерге жана окуучуларга семинар болуп өттү. Бул семинарды өтүүнүн максаты магалимдерге жана окуучуларга интернет тармагын туура жактарга пайдаланууну айтышты.

Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Айтыгул Абдубалиеванын айтымында:»Биз эки күндөн бери Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде медиа сабаттуулук боюнча мугалимдерге жана окуучуларга семинар өттүк. Бул медиа сабаттуулук дегенде биз ошол окуучулардын интернет жана башка массалык маалымат каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана интернетти терс жактарга эмес оң жактарга жакшы пайдаланып, азыркы    мезгилде медиа окуучу болууга аракет жасатуу.»-деп билдирди Абдубалиева

Мектеп окуучусу Нурулло Тынчтыкбек уулунун айтымында:» Мен медиа сабаттуулук семинарында сабаттуулукту кантип жоюу тууралуу жана интернеттен келген ар кандай маалыматтарды чындыкка дал келбестигин ал нерсенин чындыгын билүү үчүн факты менен кароо керек экендигин түшүндүм.»-деп билдирди Тынчтыкбек уулу

Даярдаган: Эльнура Кеңешбек кызы. Тинатин Коңурбаева.

 

 

Жардамга муктаж болгон аял

Ош облусунун Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Жапар кызы Гүлзара эки, үч жылдан бери боор оорусу менен жабыркап келет. Бүгүнкү күндө Гүлзар эже боорун операция жолу менен алмаштыруу керек болуп жатат. Бул операция Индия мамлекетинде гана жасоого болгондуктан, ал үчүн 35000 доллар акча каражаты керек. Буга Гүлзар эженин үй-бүлөсүнүн чамасы жетпегендиктен кайрымдуу элдерден жардам сурап  жатат.

Азыркы учурда Куу-Майдан айылынын тургундары аз эле күндүн ичинде 150000 сом акча каражатын чогултуп коюшту, дагы акча каражатын чогултууну улантып жатышат. Мында аксакалдар жамааты, аялдар жамааты, мугалимдер жамааты чоң салым кошушту. Ошондой эле Гүлзара эженин кайын журттары, бир туугандары , достору колдон келген жардамдарын көрсөтүп жатышат. Мындан тышкары чет жерде иштеген жердештери дагы көп суммадагы акча каражатын чогултушуп жөнөтүштү. Гүлзар эженин төрт баласы бар, балдары жаш. Буйруса быйылкы жылы Гүлзара эже Индияга барып операция жасатып, жакшы болуп кетет деген үмүттөбүз.

Даярдаган: Тинатин Конурбаева

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде»1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө»карата семинар өткөрүлдү.

Бул семинарга 8-9-10-11класстар катышышты.Семинарга Кеңеш айыл өкмөтүнүн соц адиси жана Куу-Майдан айылынын медайымы Максуда Абдиева келип катышып кетишти.

Куу-Майдан айылынын фабында медайым болуп иштеген Максуда Абдиеванын айтымында:»Биздин калкта 1350адам бар 1жаштан 100жашка чейинкилерди тейлейбиз. 1-декабрь СПИД ВИЧ бүгүн болгонуна байланыштуу 8-9-10-11класстарга СПИД боюнча түшүндүрмө берилди.СПИДти каяктан жугуу жолдору факты колдонууну окуучуларга түшүндүрдүк.Окуучуларга видио роликтер,суроо жооптор берилди.Окуучулар өтө жакшы катышып, суроолорго алдыңкы деңгээлде жооп беришти.СПИД бул жугуштуу оорулардын катарына кирет.Көбүнчө СПИД бангизаттардан жуккандыгын айттык.СПИД 80%бангизаттардан жугат»-деп сөзүн аяктады Абдиева.

Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин география мугалими Кудайбердиева Барчынайдын айтымында:»Биз 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө»карата семинар сабагын өткөрдүк.Бул семинар сабагыбыз коопсуздук маршрутту программасынын негизинде болду.Сабактын негизги темасы ВИЧ жана наркаманиянын алдын алуу болду.Сабактын максаты балдарга ВИЧ инфекциясы боюнча түшүнүк берүү ошондой эле наркаманиянын алдын алуу деп психо активдуу каражаттардын зыяндуу жактарын айтып кеттик.Окуучулар СПИД оорусунун башталышы,анын жугуу жолдорун канткенде жугат,жугушу мүмкүнбү деп топторго бөлүп өз алдыча иштешти»-дейт Кудайбердиева.

Даярдаган:Эльнура Кеңешбек кызы.

Мектептеги өзгөрүүлөр

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде  2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Атап айтканда «МЕРСИКО» уюму тарабынан колдоо көрсөтүлүп, ашканага ысык суу, муздак суу киргилди жана сууну фильтирлеп тазалоочу апарат алып берди жана башка ысык тамака керек болуучу продуктуларды берди. Мындай жардамды «МЕРСИКО» уюму 2019-2020-жылдарга бере турган болду.

Мектептин директору Гулзат Сапарбек кызынын айтуусунда:»Бул уюм негизинен  500миң сомдук жардам берди. М:шкафтын түрлөрүн, идиш жуугучтарды, кострюлдарды жана ун, май горох, күрүч кылып, бир жылдык продуктаны алып берди. Окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылууда бул уюм өтө чоң жардамын көрсөтүп жатат. Ошондой эле мектепте электрондук китепкана ачылды. Мында төрт жүз жыйырма аталыштагы китептерди окуучулар атайын сайтка киришип окуп үйрөнүп жатышат. Бул дагы окуучулар үчүн өтө чоң жаңылык болду. Дагы бир жанылык жети класс интернет менен камсыз болду мындан тышкары жакын арада камералар коюлат жана электрондук күндөлүк ишке кире баштайт. Ошентип окуучулардын билимин жогорулатууга бул өзгөрүүлөр чоң жардам берет деп ойлойм.»-деп билдирди

Мектептин китепканачы мугалими Айгүл Алтыбаеванын айтымында: «Китепканага кирген ар бир окуучу сайтка кирип өзүнүн каалаган китебинен өзүнө керектүү маалыматтарды алса болот жана кичинекей окуучулар колонкадан ар түрдүү жомокторду угуп, түшүнүгү боюнча каармандардын сүрөттөрүн тартышат. Муну менен окуучулардын билим деңгээлинин аң-сезимин өсүшүнө түрткү болот.»-деди

Мектеп окуучусу Мырзайым Эрматованын айтымында:»Биздин мектепте ар бир класстарга интернеттер коюлуп, китепканабызда электрондук окуулардын ачылышы биз үчүн өтө чоң кубаныч болду. Биз булар аркылуу өзүбүзгө керек болгон маалыматтарды ала алабыз деген ойдомун.»-деди

 

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева