Канаттуулардын майрамы.

Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Канаттуулардын майрамы» аттуу конкурс  болуп өттү. Бул конкурска 7-класстын алдынкы окуучулары катышышты.

Алар  Аккуу жана Булбул деген ат менен эки командага бөлүнүшүп,  өздөрүнүн ар түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүштү. М: канаттуулардын уяларын, жей турган тамактарын жана ар түрдүү буклеттерди,  канаттуулардын сүрөттөрүн алып келишти. Андан кийин канаттуулар жөнүндө ырларды, табышмактарды, жаңылмачтарды айтып, бийлерди аткарышты..

Уюштуруучу Айчүрөк Капырованын айтымында «Бул конкурс химия, биология, тарых жумалыгына карата жаз айында өткөрүлдү. Себеби, жаз мезгилинде  көптөгөн келгин канаттуулар келип, бак-дарактарга өздөрүнүн  уяларын салышып, алардын кооз сайраган үндөрү угула баштайт. Конкурс өтө кызыктуу өттү. Мында Аккуу командасынын окуучулары активдүү катышып   29 бал менен женишке ээ болушту»-деп билдирди Капырова.

Конкурстун катышуучусу Мадина Кудайберди кызынын айтымында»Биз бул конкурска алдын ала көп даярдыктарды көрдүк. Бизге биология эжекебиз  көптөгөн жардамын көрсөттү. Натыйжада мыкты деңгээлде даярдангандыктан Булбул командасын женип алдык»-деп билдирди Кудайберди кызы.

 

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *