Китеп окуу лагери.

  1.  Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде бир күндүк «Китеп окуу лагери» болуп өттү.

 

Китеп окуу лагерине каалоочу окуучулар катышышты баары биригип 60ка чукул окуучу болду, саат 9:00 — 17:00 гө чейин сабак  өтүлдү, катышуучулар 50 сомдон акча берип киришти, себеби алар акчаны окуучулардын түшкү тамагына сарпташты. Окуу жогорку деңгээлде болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына караштуу «Ыйман» диний маданиятынын өнүктүрүү фондунун, түштүк аймагы боюнча өкүлү Нургазы Нурлан уулунун айтымында » Китепти өнүктүрүү долбоорлордун негизинде Ноокат аймагындагы Ж. Нышанов мектебинде  турабыз, бул долбоор 2015-жылдан бери ишке ашып, бардык түштүк аймагында, мектептерде китеп окуу лагерлери уюштурулуп жатат.

«Ыйман» диний маданиятынын өнүктүрүү фондунун дагы бир өкүлү Гулсана Нурлан кызынын айтымында » Китепкөй улут долбоорунун негизинде келдик, китеп лагери бир күндүк эртеден кечке, атайын окуучулар үчүн 6-класстан 9-класска чейинки окуучулар катышышты. Биздин максат балдардын мектеп курагынан баштап китеп окутуу, китепке кызыктыруу болду-деп билдирди Нурлан кызы.

Программа тартиби:

1. 30 мүнөттүк китеп окуу.

2. 2,5 сааттык семинар.

3. Кофе печенье берүү.

. Таасирдүү видео ролик.

4.Түшкү тамак.

5. Ачык асманда китеп окуу.

6. Топко бөлүнүп жарышуу.

Китеп окуу лагерине катышкан  окуучу Гулиза Исамидин кызынын айтымында «Мен бүгүнкү иш чарада өзүмө абдан чоң таасир алдым десем болот, убакытты кандай пайдалануу,  максатты кандай коюу керектигин түшүндүм, ушул иш чарага катышканыма абдан кубанычтамын»-деп билдирди Исамидин кызы.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *