Китеп кербени.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде китеп кербени болуп өттү.

Бул кербенге мектептин китеп окуганга кызыккан көптөгөн мугалимдери, окуучулары катышышты жана кызыктуу өттү. Кербендин негизги максаты китеп окууга кызыктыруу ошондой эле китеп окуу менен бирге окуучулардын аң сезимин, дүйнө таанымын өстүрүү болду.

Долбоордун өкүлү Гүлсана Нурлан кызынын айтымында»Азыркы мезгилде окуучулар китепке  көңүл бурбай, көп окубай калгандыктан биз ар бир мектептерге ушундай семинарларды өткөрүп жүрөбүз. Балдар китеп окуганда чарчап калбасын деп жеңилирээк китептердин топтомдорун алып келип, арзан баада сатып жатабыз. Каалоочулар көптөгөн китептерди  алышып мындай кийин дайыма китеп окуп жүрүүгө аракет кылабыз дешти. Бул кербен мындай кийин да башка мектептерге  улана берет»-деп билдирди Нурлан кызы.

Кербенге катышкан окуучу Айзат Медетбек кызынын айтымында»Мен бул семинардан өзүмө көптөгөн жакшы нерселерди алдым. Себеби, ушул маалга чейин китеп окуп жүрсөм, мындан кийин дагы китепке болгон кызыгуум өстү десем болот»-деп билдирди Медетбек кызы.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *