Жаш таланттын алгачкы кадамдары.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде көңүлдүү, эң бир сонун концерт болуп өттү.

Бул концертти жаш таланттын алгачкы кадамдары деп  атап койсок болот себеби дегенде Ж. Нышанов мектебине ушул концертти Замир Байматов аттуу жаш, таланттуу жигит уюштуруп көңүлдүү маанайда жакшы өткөрүп алды деп айтсак да жаңылышпайбыз. Жаш таланттын сахналаш достору жана карындашы  келип Замирдин ийгиликтери үчүн жардамдарын көрсөтүштү.

Замир Байматовдун айтымында «Менин негизги максатым жакында Казакстанга конкурска барам, конкурска катышышым керек. Кыргызстанда Ноокат району боюнча мени тандап алышты. Буга чейин кайрымдуулук концерти боюнча бөлүп калышыптыр ошентип ар кайсыл жерлерде 1 ай ырдап, иштеп жүрдүм десем болот. Ошондуктан мага Ноокат районунан конкурска барсаң өзүңө бир аз иштеп ал деп руксат кагазын берди-деп билдирди Байматов.

Администратор Марскан Табышбекованын айтымында «Биз ушул Ж.Нышанов атындагы мектепте турабыз, себеби өзүңөрдүн жердешиңер Замирдин тушоо концертин өткөрүп жатабыз бул концерт дагы көптөгөн мектептерде болду. Менин колумдан И. Абдразаков, Т. Колдошов, Замир Мырза ж.б көптөгөн менмин деген белгилүү ырчылар чыккан буйруса Замирди да ошолордун катарына кошобуз деген жакшы ниеттер бар»-деп билдирди Табышбекова.

Көрүүчү Мадина Камчыбек кызынын айтымында «Мен бүгүнкү концертке киргениме абдан кубанычтамын, көңүлдүү жакшы маанайда өттү. Биз берген билет акчасы 30 сом жөн эле жок болуп кетмек, баарына ыраазычылык билдирем»-деп сөзүн толуктады Камчыбек кызы.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *