«Beeline» Билайн ар дайым биз менен.

Ош облусунун Ноокат районунда лотерея оюну ойнотулду. Бул оюн «Beeline» компаниясы тарабынан уюштурулган. Лотерея болуп көрбөгөндөй, эң мыкты деңгээлде болуп өттү.

Бул лотерея Ноокат районунда биринчи жолу болуп жаткан жок, бул убакытка чейин дагы да болуп келген, билайндын кардарлары көп болгондуктан адамдар да көп келип катышып ойноп кетишти.

«Beeline» компаниясы башкы байгеге телевизор жана аны менен кошо үйгө керектелүүчү эң сонун баалуу белектерди коюшкан, эн кичинекей белектер ручка, наушник, блакнот, телефонго чехол ж.б.у.с буюмдар берилген.

Башкы байгени алган телевизордун ээси Тынчтыкбек Айылчиевдин айтымында «Мен азыр абдан кубанычтамын, толкунданып  турам. Бул бешене экен өзүмө өзүм ишене албай жатам. «Beeline» га, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип кетем ушул сыяктуу лотереяларды, оюндарды дагы да уюштура беришсин-деп билдирди Тынчтыкбек мырза».

Лотереяга катышуу үчүн адамдардын акчасы күйгөн жок болгону алар өздөрүнө жөн гана бирдик салышты. Эч нерсе чыкпай калган оюнчуларга суусундуктар таратылды. Катышуу үчүн адамдар билайндан бир симкарта алып ага 150 сом бирдик салышты. Андан кийин номерлер аркылуу ойнотулду. Оюн кызыктуу жана шаңдуу болду.

Оюндун катышуучусу Айдана Медетованын айтымында» Тилеке каршы мага эч нерсе чыкпай калды бирок ошондой болсо да мен күйгөн жокмун анткени мен жөн гана өзүмө бирдик салдым десем болот биздин үмүтүбүз кийинки лотереяларда-деп сөзүн аяктады Медетова».

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *