2019-жыл санариптештирүү жылында Кеңеш айыл өкмөтүнүн жетишкендиктери

  •  Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүндө 2019-жыл  Кыргыз Республикасынын президентинин региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоосунун негизинде Кеңеш айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин эсебинен, айыл өкмөттүн имаратына күзөт, камерларды орнотушту.

Ал эми жол транспорт министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн каттардын негизинде Кеңеш айыл аймагынан өткөн Ноокат Көк-Бел каттамындагы, 12-13-чакырымына  жол каттамындагы транспорттордун ылдамдыгын көзөмөлдөө боюнча камералар орнотулду.

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жеңишбек Исаевтин айтымында»Бул камераларды орнотконубуздун натыйжасында биздин аппарат кызматкерлерин ала турган болсок, алар өз убактысында жумушка келип, өз убактысында жумушун бүтүрүп кетип,  жана жумуш убактысында башка иштер менен алек болбой баардыгы жакшы иш жүргүзүүдө, тартип бир аз алдыга жүрүүдө жана ошондой эле кызмат көрсөтүүгө келген жашоочулар сыртта болобу, кайсы бир адисти издеп калабы,  баары  камера көзөмөлүндө болот,  камеранын мониторинги  айыл өкмөт башчысынын кабинетине коюлган, бул жетишкендик биз жана башкалар үчүн  жакшы жаңылык болду десем болот-деп билдирди Исаев».

Кеңеш айыл өкмөтүнүн имаратынын кароолу, күзөтчүсү Сейдалы Батыровдун айтымында» Кеңеш айыл өкмөтүнө коюлган камералардын пайдасы бул биринчиден мага бир жардам болду деп айтсам болот. Себеби айыл өкмөттүн имаратында Wi-Fi бар болгондуктан жашоочулар көп келип колдонушат ошол убакытта таштандыларды таштап, имараттын эшик, айнектерине тийишишсе камеранын жардамы менен билип алабыз-деп билдирди Батыров».

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *