Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде медиа сабаттуулук жөнүндө мугалимдерге жана окуучуларга семинар болуп өттү. Бул семинарды өтүүнүн максаты магалимдерге жана окуучуларга интернет тармагын туура жактарга пайдаланууну айтышты.
Жапар Нышанов атындагы орто мектебинин тарых мугалими Айтыгул Абдубалиеванын айтымында:»Биз эки күндөн бери Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде медиа сабаттуулук боюнча мугалимдерге жана окуучуларга семинар өттүк. Бул медиа сабаттуулук дегенде биз ошол окуучулардын интернет жана башка массалык маалымат каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана интернетти терс жактарга эмес оң жактарга жакшы пайдаланып, азыркы мезгилде медиа окуучу болууга аракет жасатуу.»-деп билдирди Абдубалиева
Мектеп окуучусу Нурулло Тынчтыкбек уулунун айтымында:» Мен медиа сабаттуулук семинарында сабаттуулукту кантип жоюу тууралуу жана интернеттен келген ар кандай маалыматтарды чындыкка дал келбестигин ал нерсенин чындыгын билүү үчүн факты менен кароо керек экендигин түшүндүм.»-деп билдирди Тынчтыкбек уулу
Даярдаган: Эльнура Кеңешбек кызы. Тинатин Коңурбаева.