Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын тургуну Зиягүл Козу кызы ушул айылдын көрүнүктүү, алдыңкы айымдардын бири. Ал жаштайынан эле өтө чыйрак, зирек, тыкан, эмгекчил болуп чоңойгон. Мектепте окуп жүргөндө эле спорттун волейбол, баскетбол оюндарына өтө кызыкчу. Ушул күнгө чейин өзүнүн командасы менен райондук, областтык мелдештерге катышып алдыңкы орундарды ээлеп келет. Көптөгөн сыйлыктардын ээси.
Ошондой эле дагы бир өзгөчөлүгү бул айым ырга, бийге өтө шыктуу. Азыркы күндө «Шайыр апалар» тобунун мүчөсү. Бул топ республикалык үч турга катышып жакшы ийгиликтерге жетишти. Андан кийин комуз, бий кружокторун жетектеп, кыздарды, балдарды үйрөтүп келет. Ошондой эле айылдык кеңешке депутат. Айылдагы спорттук оюндарга демөөрчүлүк кылат. Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде жыл сайын өтүлүүчү мыкты кыз, жигит конкурстарын уюштуруп ага да демөөрчүлүк кылып, алдыңкы орунду алгандарга баалуу белектерди алып берет.
Зиягүл Козу кызынын айтымында:»Мен азыркы күндө Кеңеш айыл өкмөтүндө кызмат жетектөөчү адиси болуп иштеп келе жатам. Иштегениме төрт жыл болду. Ишим жакшы, өзүмө аябай жагат. Ушул күнгө чейин тургундардын нааразылыгын укпадым. Үй-бүлөм бар, төрт баланын энесимин.»-деп билдирди
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева