Ош облусунун Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын тургуну Мухаммедали Аскаров эки жылдан бери өзүнө ылайык чакан ишкана менен алектенип келет. Бул ишканасында негизинен инкубатор аркылуу тооктун жөжөсүн чыгарат.
Инкубатордун апаратын агасынан үйрөнүп, жасап көргөн. Натыйжада жөжө чыга баштаган. Ишеничтүү болгондон кийин өзүнө жөжө чыгарып, андан кийин элдерге жарыя кылып, заказ боюнча жөжөлөрдү чыгара баштаган. Инкубатортордон бир чыгарганда сегиз жуз элүү жөжө жыйырма эки, жыйырма үч күндө чыгат. Мунун ичинен кандайдыр бир себептен элүү, алтымыш жумурткадан жөжө чыкпай калат.
Өткөн жылы жаңы үйрөнчүк болгондуктан азыраак жөжө чыгарган. Быйылкы жылы иши жакшы болуп жөжөлөрдү көп чыгара баштады. Азыркы убакта эки жолу чыгарды. Заказ көп болгондуктан август айына чейин чыгара бермекчи. Ар бир жөжөнү чон кичинесине карап, кырк, элүү сомдон айыл тургундарына сатып жатат.
Мухаммедали байке оор ишке жарабагандыктан ушул чакан бизнесинен түшкөн каражаты менен үй-бүлөсүн багып келет. Ошентип биздин айылда да чакан бизнес пайда болду.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева