Алманын мол түшүмүн жыйноо

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында да күзгү мол түшүм жыйнала баштады. Айрыкча Куу-Майдан айылында алмалар жакшы түшүм берди.

Көп үй-бүлөөлөр өздөрүнүн алма багынан тонналаган алмаларды алышты. М: мен Сайдазим Исламовтун алма багына барганда үй-бүлөсү менен алма терип жатышыптыр. Алмасы өтө жакшы болуп, шактары ийилип, жерге тийейин деп турат.

 

Аялы Мария Абжалиеванын айтымында:»Былтыркы жылы алманын түшүмү көп болгон. Бирок баасы арзан болуп 25сомдон сатканбыз. Быйыл былтыркы жылга караганда бир аз азыраак болду, бирок ошондо да  4-5 тонна чыгат деп турабыз. Быйылкы жылы алманын баасы жакшы болуп, кардарлар келип атат. Биз буйруса 40-50 сомдон сатабыз деп турабыз. Алмадан мол түшүм алыш үчүн көп эмгек керек. Күз мезгиленен баштап эле алманын түбүн жумшартып, көң салып, түбүнө дары бериш керек. Жазында алманын бутактарын суюлтуп этап-этабы менен даарылап туруш керек. Сууну убагында сугаруу керек»-деп билдирди.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Спортко кызыккан айым

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Альбина Рахманбердиева биздин айылдан спорт менен машыккан айымдардын бири.

Ал жаштайынан эле спортко кызыгып келет. Себеби, Альбина эженин үй-бүлөсү да спорт менен машыккан адамдар. Атасы Маткасым Рахманбердиев атагы чыккан улакчы, апасы кол күрөш боюнча мастер, иниси да улакчы.

Ал эми Альбина эже кол күрөш, волейбол, баскетбол боюнча спорттун мастери, көптөгөн  сыйлыктардын ээси. М: «Дени сак улут өнүгүп жаткан өлкө» деген ураандын алдында жылына өткөрүлүүчү айылдык спортсмендер деген мелдештерге катышып, алдынкы орундарды ээлеп жылына  беш алтын медаль жана ондон ашык түрдүү медалдарды алган. Андан тышкары баалуу сыйлыктардын ээси болгон.

Азыркы күндө  да мелдештерге үзбөй катышып келе жатат. Үй-бүлөсү да колдоо көрсөтөт. Ошондой эле Альбина эже эгиз кыздардын жана  бир уулдун бактылуу энеси.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

23-сентябрь эне тил күнү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Бул майрамга 1-класстан 11-класска чейин окуучулар катышышты. Ар бир класс майрамга карата өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү, тил жөнүндө акындардын ырларынан окуп беришти, тил боюнча терс көрүнүштөрдү чагылдырган интермедияларды көрсөтүштү жана концерттик номерлерди аткарышты.

Мектептин кыргыз тили мугалими Ибраим Ариповдун айтымында: «Бугункү тил майрам жогорку деңгээлде өттү. Бул майрамга мектептин агай-эжекелери да катышышты, окуучулар өздөрү жазган ырларынан да көркөм окуп беришти, сатираларын, концерттик номерлерин өтө жакшы аткарышты. Ошондой эле окуучулар боз үйдү элестетип сахнаны кооз жасашыптыр, кыргыздын улуттук кооз кийимдерин кийишиптир, муну менен кыргыздын улуттук каада-салттарын унутпай өнүктүрүп кыргыз тилинин өнүп өсүүсүнө мектеп окуучулары чон салым кошушту»-деп билдирди

Мектеп окуучусу Мырзайым Эрматованын айтымында:»Бүгүнкү эне тил майрамы абдан жакшы өттү. Айрыкча 6-класстын окуучулары эң жакшы даярданышыптыр. Алардын Манас айткандары көркөм окуган ырлары мага аябай жакты»-деп билдирди

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебине Эл аралык коргоосуна көмөктөшү фонду келип кетти

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебине  «Эл аралык коргоосуна көмөктөшү» фонду келип кетти.

Бул фонд  ички жана тышкы мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо, жакшыртуу жана жашы жете элек аярлуу балдардын укуктарын коргоо долбоорунун негизинде сабак өтүштү. Сабак кызыктуу өттү. Мындай иш чараларды көп жерде өткөрүп келе жатышат. М: Ош облусунун Кара-Суу Ноокат райондорунда, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Сузак райондорунда өткөрүшүп келе жатышат.

Ушул фонддун адиси Балтабаева Шайыргулдүн айтымында: «Биз ушул долбоордун негизинде мындай иш чараларды дагы башка райондорго барып  айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана мектеп окуучуларына ушундай сабактарды өткөрмөкчүбүз»-деп билдирди.

Мектеп окуучусу Курсантбек уулу Азиреттин айтымында:» Мен бул сабактан көптөгөн маалыматтарды ала алдым. Эгерде мен чет өлкөгө барып иштеп калсам документтерди даярдоо боюнча кыйынчылыктарга учурабайм деп ойлойм»-деп билдирди.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева, Элнура Кеңешбек кызы

Куу-Майдан айылында талаа эгиндерин коромжосуз,сапатуу жыйноого.

Ош облусунун Ноокат ройонуна караштуу Кенеш айыл окмотунун Куу-Майдан айылында талаа эгиндерин коромжосуз сапатту жыйноо учун атайын короо курулду.

 

Талаа эгиндерине жылкы,мал,койлор тепселеп талкалап жибербоосу учун,атайын убактылуу мал кармоочу жай курулду жана ошол мал жылкыларды кооруп суу,отун карап туруш учун эки кароол дайындалды. Бул иштерди атайын козомолдоп туруш учун 5  адамдант каммиссия тузулду. Булар Куу-Майдан айылынын айылдык депутаттары Аширбеков Роман,Жороев Насир жана айыл тургундары Абдираимов Бакыт, Дуйшобаев Улан,Мадраимов Курсантбек болуп козомолсуз калган мал ээлерине айыптап чара корушот.

Куу-Майдан айылынын тургуну  жылкы,мал камоонун кароолчусу  Абдраимов Нурбектин айтымында «Ушундай камак кана кургандан бери элдин баары ыразычылыгын билдируудо.Биз баарын карап козомол кылып турабыз. Эгиндерге тушкон жылкыларды таап келип камап аларга суу от берип карап жатабыз»-деп билдирди Абдраимов.

Куу-Майдан айылынын айыл башчысы Кенешбек Асамидиновдун демилгеси менен болгон ушул иштерине элибиз чон ылаазычылыгыны билдирип жатышат.

Даярдаган:Эльнура Кенешбек кызы.

Куу-Майдан айылында вет сервис курулууда.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кенеш айыл окмотунун Куу-Майдан айылында вет сервис курулуда.

Куу-Майдан айылына Арис тарабынан эки миллион торт жуз элуу мин сомдук акча каражаты каралып,мал эмдоо жана уруктандыруучу вет сервис курулуп башталды.5 проценттик элдик салымдоо окмот тарабынан каржыланды.

Куу-Майдан айылынын айыл башчысы Асамидинов Кенешбектин айтымында»Бул вет сервис келечекте аргындатылган асыл тукумдуу эт багытында жана сут багытындагы жакшы таза кандуу букалар жана кочкорлорду алып келип айлыбыздагы малдардын сапатын жогорулатабыз.Ошону менен бирге элибиздин,дыйкан фермерлерибиздин эмгеги жогорку сапатта бааланат деп созун аяктады Куу-Майдан айылынын айыл башчысы Асамидинов».

Куу-Майдан айылынын тургуну Бегматова Асиянын айтымында»Биз бул вет сервистин курулуусуна ото кубанычтабыз анткени бизге жакын ынгайлуу болду деп билдирди.

Даярдаган:Эльнура Кенешбек кызы.

1-сентябрь «Билим күнү»

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Ж.Нышанов атындагы орто мектебинде 1-сентябрь Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Жапар Нышанов орто мектебинде окуган баардык мугалимдер, окуучулар жана алар менен бирге эле ата-энелер да катышышты. Баардыгы ачык маанайда болуп, кече көңүлдүү өттү. Бул күн бизге салт болуп калгандай бүткүл Кыргызстандыктар майрамдашты болуш керек. 1-сентябрь баары үчүн кубанычтуу күн, көбүнчө 1-класс жана 1-курстар үчүн анткени аларга жаңы жашоо башталат, жаңы кадамдар,  жаңы максаттар коюлат.

Ж. Нышанов атындагы орто мектебинин директору Гулзат Сапарбек кызынын айтымында » Мен бүгүн абдан кубанычтамын, бактылуумун анткени мектеп окуучулары ак кийимдерди кийип, кыздар бантиктерди тагып, салтанаттуу кечеде активдүү катышып беришкендиги үчүн мен абдан ыраазымын бардык окуучулардын жана мугалимдердин майрамы менен куттуктайм-деп билдирди Сапарбек кызы.

1-класстын окуучусу Саипжанов Элмирбектин айтымында «Мага бүгүнкү күн аябай жакты, жакшы күндөрдөн болду себеби дегенде мен мектепке барганды кыялданчумун, мектеп мага абдан жакты-деп билдирди Саипжанов.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

Ноокат районунда жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүп жатат

Ноокат районунда мектепке болгон даярдыктар кызуу жүрүп жаат. Окуучулар мектепке керек болгон кийим-кечектерди,  окуу куралдарын Ноокат базарынан сатып алышат.

Ар жылы август айынын 15 теринен окуу жылга карата даярдыктар жүрүп башталат. Окуучулардын жашына карап ар бир окуучуга 2000 сомдон баштап 10000 сомго чейин кийим кечегине акча каражат кетет.  Бир окучу мектепке керек  болгон муктаждыктарын сатып  алат, мисалга алганда ак көйнөк кара шым, сумка, окуу куралдары ж.б.

Сатуучу Аширбекова Гүлзада айтымында « Быйыл мектепке карата даярдыктар жылдагыга караганда эрте башталды. Кийим кечектердин баалары жылдагыдай эле сатылып жатат. Биз товарларды Бишкек шаарынан Дордой базарынан жана Кара суу районундагы Кара суу базарынан алып келип  Ноокат базарында сатабыз”-деди.

Төмөндө Ноокат базарындагы  мектеп кийим-кечектеринин орточо баалары көрсөтүлдү. Сүрөттү бир басып артынан баасын билсеңиз болот.

Даярдаган: Коңурбаева Тинатин, Насиркул кызы Айжибек, Курсантбек уулу Хусейн

Куу-Майдан айылындагы жаңы көчөгө Рахматжан уулу Максатбек наамы ыйгарылды

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында кубанычтуу жанылыктын бири болду. Себеби, жаны көчөнүн атына Рахматжан уулу Максатбек деген инсандын аты коюлду. Бул инсан өзү жаш болгондугуна карабастан өз ишине так берилип иштеген кызматкерлердин бири болгон. Рахматжан уулу Максатбек 1985-жылы 18-июль куну  Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында туулган. 2006-жылдан баштап Ноокат районунда ички иштер башкармалыгында наркотиктерди изилдөө бөлүмүндө  иштей баштаган, андан кийин 2009-жылдан баштап 2017-жылга чейин Ош облусунда ички иштер башкармалыгында иштеген. 2017-2018-жылдары Араван районунун ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеген. Ал жакшы иштегендиги үчүн мамлекет тарабынан бир топ баалуу сыйлыктардын ээси болгон. Бул инсан 2018-жылы жол кырсыгынан каза тапты.

 

Айыл жашоочуларынын сунушу менен бул жаңы көчөгө Рахматжан уулу Максатбектин наамы ыйгарылды. Атасы Мадраимов Рахматжан бул көчөго 30га жакын жарык берүүчү чырактарды орнотту, жана унаалар өтүүгө көпүрө салып берди. Рахматжан байке бул көчөнү жакшыртуу үчүн мындан ары да көп жардам берип тураарын айтты. М: жолго шагалдарды төктүрүп, тегиздетип, асфальт төшөөрүн убада кылды жана ошондой эле муктаж үй-бүлөлөргө каралашып тураарын айтты. Мен балам үчүн бул көчөго өзүмдүн жардамымды аябайм  деп билдирди,- Мадраимов Рахматжан.

Айыл жашоочулары аябай ыраазы болушуп, рахматын айтышып, узун өмүр, ден соолук тилешти. Ошентип бул жаңы ачылган көчө дагы борбордук көчөлөрдөй жапжарык  болуп калды.

 

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Шаңкол айылында жолдор кеңейтилүүдө

  • Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Шаңкол айылында жолдор кеңейтилүүдө, Шаңкол  айылында азыркы учурда Имарбек Касымбеков көчөсү кеңейтилип, жол  өтүүгө ыңгайлуу болуп калды.

Шаңкол айылында жолдорду кеңейтүү үчүн Кеңеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 45000 сом акча каражаты бөлүндү, жолдорду кеңейтүү үчүн жашоочулар өздөрү продуктага иштеп жатышат. «Азык-түлүк» программасынын негизинде жашоочуларга май,ун, макарон азык-түлүктөр менен камсыз кылынууда.

Шаңкол айылынын тургуну Сапия Камчыеванын айтымында «Көчөлөрдүн, жолдордун кеңейтилиши бул бизге жана элге  эң жакшы жаңылык болду. Баарыбыз кубанып жатабыз анткени жолдор кеңейтилип жана  машина өтүүгө өтө тар болчу, мына эми оңдолуп элдин көңүлү да жакшы ушундай иштей беришсин чоң рахмат -деп сөзүн аяктады Камчыева».

Шаңкол айылынын айыл башчысы Абдыкадыр Жамгырчиевдин айтымында «Жолдорду кеңейтүү үчүн биз цемент, арматура алып бердик. Жашоочулар өздөрү иштеп эмгек акысына ун,май менен камсыз болушууда. Ал эми 10 дой адам өз ыктыярлары менен салымын кошушууда. Жалпы элден чогулган акча каражаты 5000 сом болду-деп билдирди Жамгырчиев».

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.