Аким менен жолугушуу

20150318_102324 - копия

Кеңеш айылдык маданият үйүндө 2015-жылдын 18-мартында Ноокат районунун акими Айтиев Бекболот Баратович келип эл менен жолугушуп, элдин көйгөйүн угуп кетти. Жыйындын ачылыш баатыр энелерди сыйлоо менен башталды.

20150318_102004 - копия

Бул жыйынга Шаңкол, Арбын, Даари суу, Чегеден Байыш, Куу-Майдан айылдарынын тургундары катышты, болжол менен жыйынга 500 жаран келди. Ошондой эле жыйынга Ноокат районунун билим берүү башчысы, гос регистир, военком, электирик жана башкалар келип чогулган элдин суроо талаптарына жооп беришти.

20150318_113533

Жыйынды жүрүшүн Кеңеш айылдык маданият үйүнүн өкмөтү Кудайбердиев Калмамат Тайырович өзү алып барды.
Жыйында негизинен эл көтөргөн көйгөйлөр болуп сугат суусу, электр энергиясы жана сел түшүүчү чоң-чоң дарыялар талкууга алынды. Жогорудагы көтөрүлгөн маселелерди өзүм демилгеге көтөрөм деп Ноокат районунун акими Айтиев Бекболот Баратович айыл тургундарына өз убадасын берди. Ошондой эле, жыйынга келген элдер акимге жана бир катар апарат башчыларына өздөрүнүн каало тилектерин жана ыраазычылыктарын айтышты.

20150318_112806

Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу

Маданиятт үйүнүн мыкты кызматкери

Жээнбай Садиров Эшимбекович 1956-жыл 5-мартта Ноокат районуна жарык дүйнөгө келген. 1963-жылы 1-класска кирип, 1973-жылы орто билимди аяктаган. Андан кийин өз билимин өркүндөтүш максатында 1975-жылы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына кирген ал жерде төрт жыл окуп 1979-жылы аяктаган.

20150112_110917

1976-жылы ош областынын ноокат районуна караштуу  Кенеш айылдык маданият уйунун жетекчиси   болуп ишке кирген. Андан сырткары 1993-жылы Нышанов орто мектебинин музыка мугалими болуп төрт жыл иштеген. Азыркы учурда маданият үйүнүн мыкты директору болуп иштеп келүүдө.

20150112_110828

Бул ишинен сырткары да окуучуларга музука сабагынан окуу курсун ачып окуучуларга кыргыздын улуттук аспаптары болгон комузду андан сырткары пианинаны, гитара, акардион жана башка аспаптарда окуучуларга билим берүүдө.

20150112_110619
Жеенбай агай ачкан үйрөнүү курсунда учурла жыйырма окуучу билим алууда. Алар Шанкол айылынан төрт окуучу Арбын айылынан бир окуучу ал Куу-Майдан айылынан он беш окуучу билим алууда.Бул жыйырма окуучунун ичинен эки окуучу гитара менен эки окуучу акардион менен дагы төрт окуучу пианино менен калган он эки окуучу кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду үйрөнүшүдө. Бул окуучулар ар бир үйрөнүп аткан музыкалык аспабы үчүн бир айына 200 сом төлөп окуушат.20150112_110657

Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу

Валантёрлор планшетти кантип үйронүштү.

Кеңеш  нуру мултимедиялык борборунун валантёрлору 7-8 март күндөру өтүлүүчү планшеттер менен окуп иштөөнү үйрөнүштү.
окуу Ош шаарында Сан Райз мейманканасында болуп өттү,биз көбүнчө планшеттерден кантип кабар жөнөтүштү жана сүрөт видиолорду жиберишти кенен үйрөндүк.

Бизге планшеттер менен иштөөну үйрөткөнү атайын Бишкектен тренер Элмурат Аширалиев келип окутту.

image

Ошондойэле көбүнчө практикалык жумуштарды аткардык,биз бул планшеттер менен кантип иштөөнү кенен үйрөндүк десем болот.

image

image

Даярдаган:Жеңишбек Абсатаров

«Билерман ордо» интеллектуалдык оюну

20150216_122914

Кенеш айыл окмотундогу, мектептер аралык билелеман ордо интеллектуалдык оюну болуп оту. Ал оюга Кенеш айыл окмотуно караштуу беш мектеп катышты алар: «Арбын» орто мектебинен келген Арбын командасы, «Шанкол» орто мектебинин Шанколкомандасы, «Дари суу» мектебинен келген Дари суу командасы, «Ж.Нышанов» орто мектебинен келген Нышанов командасы жана «Акчабуу» орто мектебинен келген Акчабуу командасы. Бул командалардын баардыгы бири бири менен ойношуп жалпы 40 суроонун 19 суроосуна жооп бере алышты, жыйынтыгында 1-турда беш команда ойноп алардын топтогон упайлары томонкудой болду: Шанкол командасы 9 суроого жооп берсе, Арбын командасы 5 суроого жооп берди жана Нышанов командасы 4 суроого жооп берип экинчи турга отушту, ал эми Даари суу командасы менен Акчабуу командасы 1ден эле суроого жооп бергендиги учун алар 2-турга отпой калышты.

20150216_123252

 

Ошонтип 2-турда 1-орунду Нышанов командасы алса , 2- орунду Шанкол командасы алып Ноокат районунда боло турган окмоттор аралык билермен ордо оюнуна жолдомо алды, ал эми 3-орунду Арбын командасы алды.
Билерман ордо оюнун Шанкол айылынын кулуну Иси байке уйуштуруп берди.

20150216_141439
Ошондой эле ал оюнга суроолорду оштук студенттер тузушту жана ал оюнга ЭЛФМ радиосунун диджейи Жумабек Акбаров да келип оюундун жыйындыгы чыкка чейин озунун суроолорун залдагы куйормадага берип тапкан окуучуга озу алып келген белектерин берди.

20150216_140458

Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу

Арбын айылынын чыгаан көк бөрүчүсү

20150117_103644

Куу-майдандагы Арбын айылындагы өзү жаш болсо да көк бөрү менен алек болуп,көп ийгтиликтерге жетишип,туулуп өскөн айылынын атын Алайга даңкын далайга чыгарган Ысмайыл уулу Элчи дагы да ийгиликтерге жетишүүдө.

20150117_103613
Айылыбызда азыркы учурда көк бөрүчүлөр көбөйүп жаткандыктан алар жаштарга бош жүрбөй бир иштин үстүнөн чыгуусуна ошондой эле кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгуусун арттырууда чоң өбөлгө түзүүдө.
Анын көк бөрүгө болгон кызыгуусу жаштайынан эле пайда болуп айылдагы көк бөрү оюндарына катышып, озүнөн улуу көк бөрүчүлөрдү көрүп кызыгуусу пайда болгон.

20150114_104940
Ысмайыл уулу Элчи көк бөрү оюндарына көп ирет катышып баш байгелердин ээси болгон.Алардын көрүнүктүүлөрү:2014-жылы “мерс230” үлгүсүндөгү унаага жана “жук ташуучу камазга” жана башка сыйлыктарга , ошондой эле 2015-жылдын башында да “мерс230” үлгүүсүндөгү унаага ээ болгон.

20150114_095147
Көк бөрү оюнунда көк бөрүчүнү алга сүйрөгөн, көп ийгиликтерди алып берген анын астындагы күлүгү болуп эсептелет.

20150117_105519
Даярдаган: Нурзат Азимова

«Кагаз таппай калсам жерге жазып,топуракты чиймелейм»

 

20150112_114823
Куу-майдан айылынын тургуну Кыргызстан жазуучулар союзунун мучөсү акын Акматали Абдикеримов учурда дагы деле ыр жазуу менен алектенип келет.Анын эң биринчи жарык көргөн китеби “Сагынткан ырларым” андан кийин “Сергей Есенин менен маек”, Кыш жомогу”,”Закым” деген китептери окурмандардын сүймөнчүлүгүнө татыктуу болуда.

20150112_115130
Ноокат таңы гезитинде 25-жыл корректор жана зам ректор болуп иштеген.

20150112_114626
“Менин чыгармачылык чойрөгө кирип калуумдун себеби адабиятты сүйгөндүгум ,адабий китептерге жакындыгым түрткү болду. Мен чыгармачыл чөйрөгө мектеп жашынан эле кирип ошол кезден эле ыр жазып баштагамын.Буга чейин төрт китебим жарык көрдү,бешинчи китебим эми басма канадан чыгып атат. Менин чыгармачылыгым жөнүндө азырынча улуу акындарга, чоң сынчыларга кабыла элекмин бирок жергилүктүү айылдаштар же болбосо менин китептерим жеткен окурмандар жылуу эле пикирлерди айтып жатышыт”,-дейт акын Акматали Абдикеримов

20150112_114557
Учурда алты баланын он неберенин сыймыктуу атасы жана жубайынын күйүмдүү жолдошу.

20150112_120824

      120101_025 - My Recording

Даярдаган:Баяман Тойчубай уулу

Кеңеш айыл өкмөтүндө биометрикалык катто жүруп жатат

20141121_195748

Бүгүнкү чыгарылышта Куу-Майдан айылында болуп жаткан биометрикалык каттоонун негизинде сөз кылабыз.

20141121_203701

“ Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык каттоо боюнча улуттук өнөктүк мыйзамында каралган  2014-жылдын октябрь айынан баштап  2015-жылга чейин созулат. Бирок Кенеш айыл өкмөтүнө ушул жылдын 11-ноябрында компютер алынып келинип ошол күндон башталды. Ушул күнгө чейин 2014-жылдын 11-ноябрынан баштап 4095 жаран катталды. Бул биометрикалык каттоону элдин 90% жакшы туура кабыл алып жатат ал эми кээбир бөлүгү өкмөт атайын шайлоо үчүн жасап жатат деген ойдо ”,-деди биометрикалык каттоону каттап жаткан Осмонов Муктарбек

20141121_203754

Биометрикалык каттоо Кеңеш айыл өкмөтүнүн айылдарында жүрүп жатат.Негизинен биометрикалык каттоо аяктап калды.

20141121_201343

      120101_012 - My Recording

Даярдаган:Баяман Тойчубай уулу, Нурзат Азимова

 

 

Бишкек шаарындагы тренинг

11-декабрдан 15-декабрга чейин Бишкек шаарында коомдук тармактарда иштеген журналисттер учун тренинг откорулот.

DSCN3660

Бул тренингтен негизги максат жамааттык мултимедия борборлорунда иштеген адистерге кошумча багыт беруу болуп саналат. Мында Тынчтыкбек Кожобаев тренингти алып барды

IMG_20141212_162320

Келген катышуучулар группаларга болунуп Бишкек шаарында жайгашкан КТРК нын алдындагы Мин кыял фм радиосунда болушуп ал жерде ун мантаждаганды ,унго музыка койгонду уйронушту.

DSCN3673

Даярдаган:Баяман Тойчубай уулу

 

 

Карысада оз ишин токтотпогон ата

Саламатсыздарбы эфирде кенеш нуру мультимедиалык борбору,сиздер менен мен Тойчубай уулу Баяман, бугунку чыгарылышта карысада оз ишин токтотпогон ата.

20141030_141950[1]

Арбын айылында карысада оз ишин токтотпогон Камардин атабыз ар кандай иштерди мисалы тинекеден челектерди,тепшилерди жасайт жана эски чайнектердин, челектердин тубун туптоп берет, бычактарды,кайчыларды,тешелерди,балталарды жана башка ар кандай темир буюмдарын курчутуп берет. Албетте мындай усталарыбыздын барына шугур кылабыз.

20141030_142324

« Мага бул устачылык онорду атамдын бир тууган агалары Кудайкул менен Yсон деген аваларым уйроткон. Калхоздо мага тен келчуу уста жок эле ал мезгилде мен усталардын устазы, элем баары мага келип челектерин, чайнектерин туптотуп кетишчуу ,азырда менин шагирттерим бар Кызыл-кыя дан уч шакиртим, Байыштан бар озубуздун Арбындан бар алар келип уйронун кетишет. Арбын айылынын элдери мага эски газ балондорун алып келишет мен аларга газ болондон печкаларды жасап берем»,-деди Камардин ата

20141030_142238

      kamardin-ata

Даярдагандар:Баяман Тойчубай уулу, Динара Карим кызы

Арбында таза суу маселеси чечилди

Арбын айылында таза суунун жоктугунан балдар көптөгөн оорулар менен ооруп жаткандыгына кейип-кепчип келишкен. Көптөн бери чечилбей жаткан маселе эми чечилип, эл таза суу менен камсыз болду.

image

Таза суу маселеси чогулуш- жыйындарда көп жолу көтөрүлгөн. Бул маселени чечүүдө айыл  тургундарынын кошкон салымы чоң. Элден таза сууга деп 12 жыл мурун акча топтолгону менен, айыл өкмөттөр алмашып олтуруп, таза сууну чыгаруу маселеси көпкө чейин созулуп келди.

Айыл тургуну Осмоналиев Жумабек ошол 12 жылдан бери таза суу чыгартам деп, анын артынан эң көп чуркаган активист. Анын айтымында, бул эл өзү колго албаса, бул маселе дагы да чечилбей калмак.

image

«Бул ишти күтүп олтурсак өкмөттөн эч кандай пайда болбогондуктан биз өзүбүз жапырт ишке киришкенбиз. Ошентип олтуруп 30 дай адам жумушту өз колдоруна алышкан»,-деди Осмоналиев Жумабек ага

image

Таза суунун чыгышы менен айылдын турмушу бир топ оңдолот деп ишенишет тургундар. Буга чейин арыктагы кир сууну ичип, жаш балдар ооруп да калышчу, дейт айыл тургуну Алима эже:

«Таза сууну пайдаланганыбызга 10 күн болуп калды. Арыктан суу ичип жүргөндө, булганган сууну ичип балдарыбыз ооруга көп дуушар болушат эле. Азыр өз тилек- мүдөөбүзгө жетип, айыл тургундары баарыбыз кубанып калдык. Таза сууну камсыз кылгандарга ыраазычылыгымды билдирем».

image

Суу үчүн эми айылдагы ар бир үй-бүлө ай сайын 200 сом төлөп туруш керек. Болбосо, убакыт өткөндөн кийин, суунун куурлары эскирип, эл кайра ичкенге таза суусу жок калышы мүмкүн.

      Taza_suu

Даярдагандар: Нурзат Азимова жана Баяман Тойчубай уулу