Канаттуулардын майрамы.

Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндөгү Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Канаттуулардын майрамы» аттуу конкурс  болуп өттү. Бул конкурска 7-класстын алдынкы окуучулары катышышты.

Алар  Аккуу жана Булбул деген ат менен эки командага бөлүнүшүп,  өздөрүнүн ар түрдүү өнөрлөрүн көрсөтүштү. М: канаттуулардын уяларын, жей турган тамактарын жана ар түрдүү буклеттерди,  канаттуулардын сүрөттөрүн алып келишти. Андан кийин канаттуулар жөнүндө ырларды, табышмактарды, жаңылмачтарды айтып, бийлерди аткарышты..

Уюштуруучу Айчүрөк Капырованын айтымында «Бул конкурс химия, биология, тарых жумалыгына карата жаз айында өткөрүлдү. Себеби, жаз мезгилинде  көптөгөн келгин канаттуулар келип, бак-дарактарга өздөрүнүн  уяларын салышып, алардын кооз сайраган үндөрү угула баштайт. Конкурс өтө кызыктуу өттү. Мында Аккуу командасынын окуучулары активдүү катышып   29 бал менен женишке ээ болушту»-деп билдирди Капырова.

Конкурстун катышуучусу Мадина Кудайберди кызынын айтымында»Биз бул конкурска алдын ала көп даярдыктарды көрдүк. Бизге биология эжекебиз  көптөгөн жардамын көрсөттү. Натыйжада мыкты деңгээлде даярдангандыктан Булбул командасын женип алдык»-деп билдирди Кудайберди кызы.

 

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Жаз мезгилине карата даярдыктар журуп жатат.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз мезгилине карата даярдыктар журуп жатат. Бул иштерди аткарууда Куу-Майдан айылынын башчысы Кеңеш Асамидиновдун эмгеги чоң. Атап айтсак чоң чоң арыктар жана суу кетүүчү латоктор тазаланды.

Тазалоого айыл тургундары ашар кылышып жардам беришти. Айыл өкмөт да колдоо көрсөтүп кээ бир жерлерине экскаватор колдонулду. Баары болуп 600 метрден ашык арыктар латоктор тазаланды.

Кээ бир тургундар жерлерине ар түрдүү мөмө жемиштердин көчөттөрүн отургузушту. Эгин талааларына картошка эгилип, буудай, жүгөрү, арпа, беде сыяктуу эгиндердин үрөндөрү себилди. Ушул иштерди аткарууда иштеген тургундарга ПРООН тарабынан ун, май берилди. Быйыл буйруса талаадагы эгиндердин түшүмдөрү мол болот.

Абдимитал Толубаевдин айтымында «Өткөн жылы латоктор тазаланбай суулар чыгаша болуп, эгиндерге суу жакшы жетпей жаткан. Быйыл буйруса талаадагы эгиндерден мол түшүм алабыз деп турабыз»-деди.

Даярдаган: Тинатин Коңурбаева

Китеп менин жан досум. Жаша китеп!

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 23-апрель китеп күнүнө  карата «Китеп менин жан досум» аттуу адабий кече болуп өттү.

Бул кечеге 6-7-класстын китепке кызыккан, жакшы окуган, дилгир, мыкты окуучулары  активдүү катышышты. Алар 3 топко бөлүнүп, ар бир топтун башчысы болду жана ошондой эле өздөрүнө ар кандай аттарды коюшуп мелдешишти.

Окуучулар бири-бирине комплимент айтып, көңүлдөрүн көтөрүп, ачык маанайда концертин өткөрүштү, жана дагы сырттагы көрүүчүлөр катышуучуларга ар кайсы китептерден ар кандай суроолорду табып, логикалык суроолордон берип, иш чара кызыктуу өттү.

Иш чарага катышкан бардык окуучуларга мактоо баракчалары берилип, баары кубанычта болушушту, мактоо баракчалар Айгүл Алтыбаева тарабынан каржыланды. 1-орунга Китеп ойдун жыйындысы, 2-орунга Китеп билим булагы, 3-орунга Китеп билим азыгы болушушту.

Уюштуруучу Айгүл Алтыбаеванын айтымында «Бул иш чараны өткөрүүнүн негизги максаты балдарды китепке чакыруу болду. Баары мен ойлогондой жакшы деңгээлде кызыктуу өттү деп ойлойм, себеби баары жакшы маанайда көрүшүштү-деп билдирди Алтыбаева».

Катышуучу Айгерим Медербек кызынын айтымында»Биз китеп күнүнө карата адабий кече өткөрдүк, бул кечеге даярданууга бизге китеп кананын жетекчиси Айгүл эжеке жардам берди, эжекеге чооң рахмат себеби көптөгөн жаңы маалыматтарды бизге үйрөттү жана мактоо баракчалар менен сыйлады-деп билдирди Медербек кызы».

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

 

Ыймандуу келин-2019

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ноокат аймагындагы «Улуу-Тоо» кино театрында «Ыймандуу келин 2019» аттуу конкурс болуп өттү. Конкурска жаш, мыкты, шыктуу, тайманбас келиндер катышышты.

«Ыймандуу келин-2019» сынагы 2019-жыл санариптештирүү жылына жана аялдардын күнүнө уюштурулду. Сынакка жалпысынан 12 айыл өкмөт жана ошондой эле эч жерде иштебеген, үйдө олтурган келиндер катышышты.

 

Концерттик программа:

1. Саламдашуу.
2. Келин кийим модасы.
3. Түрдүү салат жасоо.

4. Керексиз нерседен керектүү буюм жаратуу.

5. Келин кайнене мамилесин чагылдыруу.

6.Кайне келинине мүнөздөмө берүүсү.
7. Хоббиси.

Бул конкурс Ноокат районунун акимчилиги жана маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан атайын уюштурулду. 1-орунга Кеңеш айыл өкмөтү, 2-орунга Исанов айыл өкмөтү болду. Уюштуруучулар 1-орунга 1-даражадагы диплом, 2-орунга 2-даражадагы дипломдорду ыйгарып жана ошондой эле кийинки орунду ээлеген катышуучуларды кур калтырбастан аларга да мактоо баракчаларды, белектерди берип, баарын ыраазы кылышты.

«Ыймандуу келин-2019» кароо сынагында 1-орунду ээлеген, жеңүүчү келин Дилфуза Анарбай кызынын айтымында «Сынак эң мыкты деңгээлде өттү, бардык көрүүчүлөргө, калыстарга, катышуучуларга жакты деп ойлойм. Баардыгына ыраазычылык билдирем, мени колдогондорго уюштуучуларга рахмат- деп билдирди Анарбай кызы».

Даярдаган: Айжибек  Насиркул кызы.

 

 

 

 

«Рахмат сага алиппе» майрамы

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде 1-класстардын өзгөчө, бир жолу боло турган өздүк алиппе майрамы болуп өттү.

Балалыктын таттуу күндөрү, алгачкы мектеп жолу, 11 жыл чогу болгон классташтар алар менен таанышкан күндөр баары 1-класстан башталат эмеспи. Бул майрамдын себепкерлери кичинекей бөбөктөрдүн өмүрүндө биринчи жана акыркы жолку эсте калаарлык майрамы аябай кызыктуу өттү. Балдар бийлеп, ырдап, тамгалар менен өздөрүн тааныштырып, мугалимге ыр саптарын арнашты.

1-б классынын класс жетекчиси Райкан Ибрагимованын айтымында » Алиппе майрамы жакшы, кызыктуу өттү. Балдар активдүү катышышты, ата-энелердин да жардамы жакшы болду жомокторду аткарып беришти ,бийлерине көмөк көрсөтүп үйрөтүштү, баарына чооң рахмат»,-деп билдирди Ибрагимова.

1-а классынын окуучусу Арапат Далыеванын айтымында «Бизге майрам  жакты айрыкча бийлеген, ырдаган, жомокторду аткарган, мага машанын образы түштү мен эң сонун кылып аткарып бердим»,-деп билдирди Далыева.

Ата эне Айзирек Таированын айтымында «Балдарыбыздын кубанычы биздин бактыбыз, балдарыбыз эң жакшы маанайда майрамды өткөрүштү, мугалимдерге да рахмат кичинекейлерди даярдагандары үчүн»,-деп билдирди Таирова.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

 

 

«Кыз-жигит» Сармерден: Ноокат жаштары

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде сармерден болуп өттү, сармерденге өнөрлүү,  шыктуу,тайманбас кыз-уландар катышышты.

Сармерден жогорку деңгээлде өттү, баары кызыгып катышуучулар эмес күйөрмандар да сырттан колдоо көрсөтүп, кызыгып көрүштү. Бул иш чара жыл сайын болуп турат. Албетте жеңүүчү жана жеңилүүчү болот, балдар жеңүүчү болуп абдан кубанычта болушту.

Эрке бала, алып баруучу  Хусейн  Курсантбек уулунун айтымында «Сармерден биз учүч эң мыкты өттү, аябай даярдандык, кыздар да абдан күчтүү болушту, күчтүү жеңет демекчи биз жеңдик, дагы да ушундай конкурстар боло берсин, баарына ийгилик»- деп сөзүн толуктады Курсантбек уулу.

Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында «Конкурс жакшы өттү, сармердендин катышуучулары программага ылайык жакшы деңгээлде даярданышыптыр, балдар кыздар өздөрү эле алып барып даярданып, кызыктуу өткөрүштү»-деп билдирди Абдыкеримова.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

 

 

 

 

Диний экстремизмге каршыбыз!

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылында «Диний экстремизмге каршыбыз» аттуу өзгөчө иш чара болуп өттү. 

Иш чарага Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу беш мектептин окуучулары катышышты. 1-орунга Арбын орто мектеби, 2- орунга Жапар Нышанов орто мектеби, 3-орунга Шаңкол орто мектеби, 4-орунга Дары-Суу орто мектеби, жана ошондой эле 5-орунга Байыш орто мектеби болуп окуучулар, (катышуучулар)  өз сыйлыктарын алып кетишишти.

Калыстар тобунун мүчөсү, маданият үйүнүн башчысы Кочкорбай Тажибаевдин айтымында » Азыркы жаштарды колдоо максатында, эл журтубузду биримдикке чакыруу максатында болду жана аны менен кошо бул жерде радикализмди түшүнүү да максатында иш чара болуп өттү. Бардык катышкан мектептерге аларды даярдаган мугалимдерге рахмат демекчимин, келечек жаштардын колунда ошондуктан дагы да ушундай иш чаралар боло берсин, бар болгула, бай болгула. Баарыңарга ийгилик»- деп билдирди Тажибаев.

Уюштуруучу Исламбек Сарыевдин айтымында «Биз Ноокат коомдук жаштар бирикмесинен келдик, биздин негизги максат радикализмдин алдын алуу, жаштарга бир аз болсо да түшүнүк берүү болду, балдар аябай жакшы,катуу даярданып, өзгөчө формалар менен келип мыкты деңгээлде аткарып, көркөмдөп, өз ойлорун чагылдырып беришти. Биз балдарга ыраазы болдук, 1-2-3-4-5-орундарга чейин белектерди бердик, сыйлыктар «Жаш Ниет» коомдук бирикмесинин башчысы Нургүл Караева тарабынан берилди, аларга да ыраазычылык билдиребиз»-деп билдирди Сарыев.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

 

 

Эл ичиндеги мыкты кыздар

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты кыз» сынагы болуп өттү.

Сынакка 9-10-11-класстын окуучу кыздары катышышты. 11-классынан Гулиза Аматжанова жана Элиза Улукбек кызы, 10-классынан Нурнуска Нурсейит кызы жана Мээрим Масаипова, 9-классынан Айгүл Арапова, Болдукыз Салиева, Шакира Каныбек кызы жана Албина Куттубек кызы катышышты.

Сынактын программасы:

1) Саламдашуу

2) Ыр ырдоо

3) Бийлөө

4) Салат жасоо

5) Клип аткаруу

6) Суроо жооп

Калыстардын чечими менен 1-орунга 11-класстар, 2-орунга 10-класстар, 3-4-орунга 9-класстар болушушту. Кыздар өздөрүнүн тайманбастыгын,  күчтүүлүгүн, өнөрлөрүн көрсөтүшүп мактоо баракчаларын алышты.

Катышуучу Мээрим Масаипованын айтымында «Бизге сынак аябай жакты, баарыбыз өз күчүбүз менен даярдандык. Күчтүү жеңет демекчи атаандаш кыздардын баары, аябай мыкты кыздар экен. Кыргызстандагы баардык аял затынын майрамы менен куттуктайм»- деп билдирди Масаипова.

Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында «Мыкты кыз- сынагы ойдогудай өттү, катышуучу кыздардан сырткары каалоочулар ырдап, бийлеп беришишти андан сырткары оюндарды өткөрдүк, ата-энелер да келип катышып кетишишти,  сынак баарына жакты деген ойдомун, эң мыкты деңгээлде өттү. Жалпы аялдардын эл аралык 8-март майрамы менен куттуктайм»- деп билдирди Абдыкеримова.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы

 

 

Келгиле, окуйбуз долбоорунун негизинде

  • Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Келгиле, окуйбуз» долбоорунун негизинде конкурс  болуп өттү.

Конкурска 2-класстын окуучулары, ата-энелери менен катышышты. Конкурсту уюштуруунун негизги себеби окуучулардын сөз байлыгын өстүрүү, эске тутумун өнүктүрүү, балдарды китеп окууга кызыгуусун арттыруу, жана ошондой эле окуу ылдамдыгын көтөрүү максатында болду.

Катышуучу, ата-энелер тобунун мүчөсү Олмас Жороеванын айтымында «Келгиле, окуйбуз» долбоору чындыгында бизге аябай жакты, балдарыбыздан өтүп, биздин кызыгуубуз артып, өтө кызыктуу өттү. Мугалимдерге ыраазыбыз, эң мыкты деңгээлде уюштуруп беришти, балдардын окууларына ийгилик каалайм»-деп билдирди Жороева.

Уюштуруучу Болдукыз Кудайбердиеванын айтымында » Конкурс эң жакшы деңгээлде болуп өттү, каалоочулар кирип, көрүп аябай ыраазы болушту. «Келгиле, окуйбуз» аттуу конкурска көптөгөн, кызыктуу программаларды ата-энелер менен чогу тандап, биргеликте даярдандык»-деп билдирди Кудайбердиева.

Катышуучу, окуучулар тобунун мүчөсү Байыш Момун уулунун айтымында «Мага конкурс абдан жакты, биз кызыгуу менен китептерди окуп айтып бердик, жомокторду ата-энелерибиз менен биргеликте аткардык, мага айрыкча ошонусу абдан жакты»-деп билдирди Момунов.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы.

 

 

 

 

 

 

 

 

«Мыкты жигит- 2019» Ноокат районунда болуп өттү

  • Ноокат районуна караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылындагы  Жапар Нышанов атындагы орто мектебинде «Мыкты жигит- 2019» сынагы болуп өттү.

Сынакка 11-классынан Толубаев Бекжан, 10-классынан Сыймык Бороон уулу, 9-класстан Бекзат Нурлан уулу жана Ажибек Абдиалым уулу катышышты.

Концерттик программа:

1) Саламдашуу.

2) Өзүн өзү тааныштыруу.

3) Хоббиси.

4) Жоокер ыры.

5) Таяк тартышуу.

Калыстардын чечими менен 1-орунда Бекжан Толубаев, 2-орунда Бекзат Нурлан уулу жана Ажибек Абдиалым уулу, 3-орунда Сыймык Бороон уулу болушту, жигиттер өздөрүнүн мыктылыгын, тайманбастыгын көрсөтүшүп, мактоо баракчаларын алышты.

Сынактын катышуучусу Ажибек Абдиалым уулунун айтымында «Мыкты жигит эң жакшы деңгээлде өттү,  катуу даярдандык атаандаштар менен эч кандай талашып-тартышуу болбоду, конкурс мага аябай жакты»-деп билдирди Абдиалым уулу.

Уюштуруучу Айжамал Абдыкеримованын айтымында» 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Балдар берген тапшырмаларга туура жана так аткарышыптыр, Кыргызстандагы бардык мырзалардын майрамы менен куттуктайм»- деп сөзүн толуктады.

Даярдаган: Насиркул кызы Айжибек.