Карысада оз ишин токтотпогон ата

Саламатсыздарбы эфирде кенеш нуру мультимедиалык борбору,сиздер менен мен Тойчубай уулу Баяман, бугунку чыгарылышта карысада оз ишин токтотпогон ата.

20141030_141950[1]

Арбын айылында карысада оз ишин токтотпогон Камардин атабыз ар кандай иштерди мисалы тинекеден челектерди,тепшилерди жасайт жана эски чайнектердин, челектердин тубун туптоп берет, бычактарды,кайчыларды,тешелерди,балталарды жана башка ар кандай темир буюмдарын курчутуп берет. Албетте мындай усталарыбыздын барына шугур кылабыз.

20141030_142324

« Мага бул устачылык онорду атамдын бир тууган агалары Кудайкул менен Yсон деген аваларым уйроткон. Калхоздо мага тен келчуу уста жок эле ал мезгилде мен усталардын устазы, элем баары мага келип челектерин, чайнектерин туптотуп кетишчуу ,азырда менин шагирттерим бар Кызыл-кыя дан уч шакиртим, Байыштан бар озубуздун Арбындан бар алар келип уйронун кетишет. Арбын айылынын элдери мага эски газ балондорун алып келишет мен аларга газ болондон печкаларды жасап берем»,-деди Камардин ата

20141030_142238

      kamardin-ata

Даярдагандар:Баяман Тойчубай уулу, Динара Карим кызы

Арбында таза суу маселеси чечилди

Арбын айылында таза суунун жоктугунан балдар көптөгөн оорулар менен ооруп жаткандыгына кейип-кепчип келишкен. Көптөн бери чечилбей жаткан маселе эми чечилип, эл таза суу менен камсыз болду.

image

Таза суу маселеси чогулуш- жыйындарда көп жолу көтөрүлгөн. Бул маселени чечүүдө айыл  тургундарынын кошкон салымы чоң. Элден таза сууга деп 12 жыл мурун акча топтолгону менен, айыл өкмөттөр алмашып олтуруп, таза сууну чыгаруу маселеси көпкө чейин созулуп келди.

Айыл тургуну Осмоналиев Жумабек ошол 12 жылдан бери таза суу чыгартам деп, анын артынан эң көп чуркаган активист. Анын айтымында, бул эл өзү колго албаса, бул маселе дагы да чечилбей калмак.

image

«Бул ишти күтүп олтурсак өкмөттөн эч кандай пайда болбогондуктан биз өзүбүз жапырт ишке киришкенбиз. Ошентип олтуруп 30 дай адам жумушту өз колдоруна алышкан»,-деди Осмоналиев Жумабек ага

image

Таза суунун чыгышы менен айылдын турмушу бир топ оңдолот деп ишенишет тургундар. Буга чейин арыктагы кир сууну ичип, жаш балдар ооруп да калышчу, дейт айыл тургуну Алима эже:

«Таза сууну пайдаланганыбызга 10 күн болуп калды. Арыктан суу ичип жүргөндө, булганган сууну ичип балдарыбыз ооруга көп дуушар болушат эле. Азыр өз тилек- мүдөөбүзгө жетип, айыл тургундары баарыбыз кубанып калдык. Таза сууну камсыз кылгандарга ыраазычылыгымды билдирем».

image

Суу үчүн эми айылдагы ар бир үй-бүлө ай сайын 200 сом төлөп туруш керек. Болбосо, убакыт өткөндөн кийин, суунун куурлары эскирип, эл кайра ичкенге таза суусу жок калышы мүмкүн.

      Taza_suu

Даярдагандар: Нурзат Азимова жана Баяман Тойчубай уулу

Таза суу маселеси чечилди

Айылда эл таза суунун жоктугунан балдар көптөгөн орулар менен ооруп жаткандыгына кейип-кепчип келишкен. Көп убакыт өтбөй эле маселеда чечилип эл таза суу менен камсыз болушту.

image

Таза суу маселеси чогулуш- жыйындарда көп жолу көтөрүлгөн. Ал иш ишке ашууда айыл  тургундарынын кошкон салымы чоң болгон.
Элдин кошкон салымы менен 12жыл мурун акча топтолгон. Айыл өкмөттөр алмашып олтуруп аткарылышы кыйынга турган.
Кыйынчылыктардын эн эле оорчундусу акча маселесине кептелгенин айтып ушул иштин башынан баштап айагына чейин керек болсо өз акчасын каржылаган айыл тургуну Осмоналиев Жумабек агабыздын салымы зор.

image

«Бул ишти күтүп олтурсак өкмөттөн эч кандай пайда болбогондуктан биз өзүбүз жапырт ишке киришкенбиз. Ошентип олтуруп 30 дай адам жумушту өз колдоруна алышкан»-деди Осмоналиев Жумабек ага

image

«Таза сууну пайдаланганыбызга 10 күн болуп калды. Арыктан суу ичип жүргөндө,булганган сууну ичип балдарыбыз ооруга көп дуушар болушат эле. Азыр өз тилек- мүдөөбүзгө жетип,айыл тургундары баарыбыз кубанып калдык. Таза сууну камсыз кылгандарга ыраазычылыгымды билдирем»-деди айыл тургуну Алима эже;

image

Куумайданда сарык оорусу куч алууда

№9 уй-булолук даарыгерлер тобунун врачка чейинки даярдоо кобинетинин мээрбан эжеси Арпачиева Назира : Сарык оорусунун алгачкы жугу себеби бала бакчаларда оздук гигиенаны сактабагандыгынан сарык оорусу куч алууда

жнгшолдомравненегш

«Биздин ооруканага сарык оорусу менен жабыркагандыгы учун кунуно уч торттон ашуун жаш балдар кайрылууда. Ооруканабызда сарык оорусу учун даярдалган даары-дармектер жетиштуу. Сарык оорусун болтурбоо учун  негизгиси ар бир адам оздук гигиенасын сактоо ото зарыл»-деди Арпачиева Назира

вавафпкукен

Айыл тургуну Жанара эже:мен бул ооруканага кайрылгандыгымдын себеби: кошунамдын 1 жашар баласы сарык оорусу менен ооруп калгандыктан уй-буломо сарык оорусу жугуп калбашы учун ушул поликлиникага кайрылдым

сммсммс

Даярдаган:Карим кызы Динара

 

Курманжан датка киносунун бет ачары Куумайданда

th11111

» Курманжан датка киносунун негизги максаты, кыргыз киносу  кыйладан бери дүйнөлүк аренага чыга элек болчу, анан дагы Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу болду,бул кино өкмөт тарабынан колдоого алынып,режисёр  Садык Шернияз тарабынан тартылды жана кинодон түшкөн киреше кайра өкмөткө кайтарылып берилет»-деди кино фондтун мүчөсү Койбосов Эрланке

«Бул кино абдан жакшы экен фантазиясы жок кыргыздардын улуу тарыхын  чагылдырган кино экен»- деди кинону көргөн көрөрман Манас кызы Гүлкумар

123

Даярдаган:Тойчубай уулу Баяман

 

 

 

Общинные СМИ-социальному предприятию

image

С 3-5 ноября  во второй столицы Кыргызстана в г.Ош проходит семинар для координаторов и руководителей Общинных СМИ.Глпвное тема семинара социальная предприятия и фандрайзинг.В рамках семинара участники разработывают дальнейшие стратегические планы и проекты по развитию Общинных СМИ

image

image

Большинство участников состовляют представители ОМСУ и ето создает возможность обмен опытам для молодых координ
аторов

image

Автор: координатор Абсатаов Женишбек

Кенеш нуру мультимедиялык борборунун валантёру окуучуларга сабак отту

Куркурогон куз айында кенеш нуру мультимедия борборунун валантёрлору, оз окусун оркундотуш максатында Бишкекке барып тренерлик сабагына катышып келишти.

баха1

Кенеш нуру мультимедия борборунун кординатору Женишбек Абсатаров томондогулорду билдирет: “Биздин негизги максатыбыз валантёрлор аркылуу айыл аймактарынан ар кандай малыматтарды алып мультимедиялык борбор аркылуу Кыргызстандын булун бурчуна жеткируу”-деди борбордун кординатору.

ко (3)ж

Ошол жерде окуган,уйронгон нерселери боюнча Карим кызы Динара окуучулар менен ой болушту.«Биз ал жерде компютер менен иштешти, кантип кабарчы алып баруучу болуунун сырларын жана жанылыктарды кантип сайттарга киргизууну уйрондук»- деди оз созундо Карим кызы Динара.

ко (4)э

Динаранын созун уккан окуучулар ага тан калышып «биз дагы сизге окшоп валантёр болсок» деген ойлорун билдиришти.

кобаха

Даярдаган:Тойчубай уулу Баяман

 
literary analysis essay examples websites that write essays for you how to write a good sat essay

Кенеш нуру мультимедиялык борбордун 2 валантёру Бишкеке тренерлике окуп келишти

ворд1

“Ал жерде биз журналистикага даярдоо боюнча тренигине катышып келдик,ошондой эле валантёрлорду кантип окутушту дагы кенен үйрондук”,-деди валантёрлордун бири Азимова Нурзат.

 

13

“Анан дагы клооптун жайгашкан жерине иштеген жерине барып келдик”,- деди экинчи валантёр Карим кызы Динара.

21

Даярдаган:Тойчубай уулу Баяман

 

 

 

 

 

Арбын айылында жаратылышты коргоо жана көрктөндүрүү боюнча иш-чара болуп өттү

Арбын айылында бак дарактардын азаюусу элди бир жагынан кейитсе,
жакында эле алардын санын көбөйтүү максатында 10 гектар жерге бадам эгилген.

image

Мунун негизги максаты жаратылышты коргоо жана ага кам көрүү. Анан дагы кырсыктардан сактануу үчүн, мисалы: бадамдын таамыры 10 метрге жеткендиктен ал жер көчкүдөн сактайт.

image

«Бул иш чара ПРООН тарабынан колдоого алынып ага Арбын айылынын тургундары катышышты»-деди айыл башчы Кайыпов Асан.

20141019_102031ц
“Бул бадамдар чоңойгондо анын мөмөсү кыргызстанга пайда келтирет ошондой эле Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам берет”, -деди айыл тургуну Мамажунусова Айгүл эже.
image

Даярдаган:Азимова Нурзат

АЛМА — ЖУМУШТАН СЫРТКАРКЫ КИРЕШЕ БУЛАГЫ

Ноокат өрөөнүнүн климаты алма өстүрүүгө ыңгайлуу келип, Ноокат алмасы башкалардан даамдуулугу менен айырмаланып турат. Күркүрөгөн күз мезгилинин октябрь айы алманын бышып, жетилген мезгили болуп эсептелет. Учурда алма терүү иши кызуу жүрүүдө.

Шанкол айылынын тургундарынын ар бир үйүнөн алма бактарын кезиктирүүгө болот. Айылдын тургуну Айтматова Айнура өзүнүн 10 сотых улуш жерине алма отургузуп, бак тиккен. Өзүнүн дыйканчылыгы тууралуу төмөнкулөрдү айтып берди: «Мен үлүш жеримдин 10 сотых жерин алма бак кылганмын. 50 түп алма отургузулган, 10 жыл болуп калды. Жаз алды менен жакшы карап , чикенкелеп, бутап караган мезгилде 4 тонна, болбоду дегенде 2 тонна алма алабыз. Багымда баарысы кызыл крипсон алма», — деди Айтматова Айнура.

катын111

 

Алма өстүрүүнүн да өзүнчө түйшүгү бар. Жаз алды менен даракты бутоо иштерин жүргүзбөсө, түшүмдүүлүгү начар болуп калышы мүмкүн. Мындан сырткары алма мыкты жетилип, чоноюшу учун дарылоо иштери да кыйынчылыкты жаратат. Жалпысынан болуп мындай чыгашаларга 10 сотых жер үчүн 5 мин сомдой акча коротулат.

алма

Айыл тургундарынын айтуусу боюнча алма өстүрүүнү негизги жумуш деп эсептөөгө болбойт, бул жөн гана кошумча жумуш катары эсептелинет. Бул тууралуу: «Мен өзүм «Мол булак» финансы кредиттик компаниясында иштейм, бул дыйканчылыгым жумуштан сырткаркы кирешем болуп эсептелет», — дейт айыл тургуну Айтматова Айнура.

катын12

Келечекте бактын аянтын кеңейтүү жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу пландары бар.

Даярдаган: Орозмамат кызы Мээрим.